Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК Чолпон-Атадагы "Жетиген" базарынын директорун кармады - Видео

Ал өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелүүдө

Чолпон-Ата шаарында «Курортторг жетиген» ААКнын («Жетиген» базары) директору кармалганын УКМК билдирди.

Башкармалыктын маалыматы боюнча, «Курортторг Жетиген» ААКнын акционерлери жана жетекчилиги тарабынан мыйзамсыз финансылык-чарбалык ишмердүүлүк фактылары аныкталган, алар узак убакыт бою алынган кирешелердин реалдуу көлөмүн жашырып, ошондой эле ишкерлерден Ысык-Көл областындагы ар кандай долбоорлорду каржылоого шылтоолоп мыйзамсыз акча өндүрүп алууларды жүргүзүшкөн.

Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык) менен кылмыш иши козголду.

Шектүү катары Чолпон-Ата шаарындагы «Жетиген» базарынын, «Курортторг Жетиген» ААКсынын акционери жана ошол эле учурда директору Кыргыз Республикасынын жараны Б.Л.Д. кармалды. Учурда тергөө иштери уланууда.

Сүрөт УКМКнын басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх