Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте 20 жаштагы Диана изделүүдө

Кыз 22-апрель күнү үйдөн чыгып кетип, андан бери дайыны жок

Бишкекте дайынсыз жоголгон 20 жаштагы Диана Токтогулова изделүүдө.

Борбор калаанын Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнөн кабарлашкандай, 22-апрелде дайынсыз жоголгон аялдын апасы милицияга кайрылган. Ал кызы ошол күнү саат 7.30дар чамасында Ш.Баатыр көчөсүндөгү үйдөн чыгып кеткендигин жана андан бери кайрылып келбегендигин айткан. Учурда дайынсыз жоголгон жаш кыздын дайыны белгисиз.

Бул факт Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгында катталган.

Белгилери: бою 155-160 см, арык денелүү, кашы калың, чачы узун кара.

Ал жакалуу кара свитер, тар боз джинсы шым, күрөң сызыктары бар ак кроссовка кийип жүргөн.

 

Милиция кандайдыр бир маалыматы бар жарандарды 0 (704) 103-102, 0 (557) 11-94-10, 0 (312) 43-28-15 жана 102 телефондоруна чалууну өтүнөт.

Сүрөт ИИМдин басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх