Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мурдагы айыл өкмөт башчысы коопсуздук кызматкерине 20 миң доллар пара берүүгө аракет кылган

Ал өзүнүн кылмыш иши боюнча оң чечим чыгышын каалаган

Ош облусунун Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы УКМКнын кызматкерине пара берүүгө аракет кылган жеринен кармалганын атайын кызматтан билдиришти.

Мекемеден билдиришкендей, үстүбүздөгү жылдын февраль айында М.Б.М Ачы Шарк айыл аймагынын айыл чарба багытындагы жер тилкесин мыйзамсыз берилиши тууралуу маалымат түшкөн.

Белгиленгендей, М.Б.М. трансформацияланбаган жер тилкесин бөлүп берүү боюнча токтомду жасалмалоо менен курулуш компаниялардын бирине 10 гектар жер тилкесин берген.

«Бул факты боюнча тактоо иш-чараларынын жүрүшүндө, тергөөгө чейинки текшерүү маселесинин оңдуу чечилиши үчүн М.Б.М. УКМКнын кызматкерине 20 миң доллар пара сунуштаган», - деп айтылат комитеттин маалыматында.

М.Б.М. сумманын бир бөлүгүн 9800 доллар өткөрүп жаткан учурда кармалган. Ал эки айлык мөөнөткө КР УКМКнын СИЗОсуна киргизилди.

 

Сүрөт УКМКнын басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх