Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Таш-Көмүрдүн жанында дайынсыз жоголгон 6 жашар баланы үч күндөн бери издеп жатышат

Бүгүн издөөгө 60тан ашык адам чыкты

Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарына жакын Кызыл-Алма айылында алты жашар бала дайынсыз жоголгондугун ӨКМ билдирди.

23-апрель күнү саат 18.50 чамасында Нарын дарыясына 2018-жылы туулган Н.Н. агып кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Издөө иш-чаралары 23-24-апрель күндөрү жүргүзүлгөн. Бүгүн издөө иштерине 17 куткаруучу, 3 суучул, 9 милиция кызматкери, 45 жергиликтүү тургун жана баланын жакындары катышып жатышат.

 

 

 

Сүрөт ӨКМ басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх