Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бир жылдан бери издөөдө жүргөн баңги зат таратуучу кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

Өткөн жылдын май айында алар кылмыш болгон жерден качып кетишкен

Ири өлчөмдөгү оор баңги затын ташуу жана сатуу менен алектенген трансулуттук кылмыштуу баңги зат таратуучу топтун мүчөлөрү кармалганын ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган башкармалыктын маалыматы боюнча, 2023-жылдын 10-майында Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында ИИМдин СБНОНнун ыкчам кызматкерлери тарабынан 3 кг гашиш сатууга ниеттенген 1954-жылы туулган А.К. ны кармашкан. Бирок, окуя болгон жерге баңгизаттарды кылмыштуу топтун башка мүчөлөрү — 1987-жылы туулган К.Н. жана 1973-жылы туулган Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу мүчөсү катары ыкчам каттоодо турган А.С. алып келишкен. Экөө тең мурда каракчылык боюнча соттолгон.

А.К.ны кармоо учурунда К.Н. жана А.С. кылмыш болгон жерден качып кетишкен, андан кийин аларга издөө жарыяланган.

18-апрель күнү СБНОН кызматкерлери Таш-Көмүр шаардык ички иштер башкармалыгынын ШИИБдин ыкчам издөө тобу менен биргеликте К.Н.ди, ал эми 20-апрелде Чүй районунун Манас айылында А.С.ны кармашкан.

Алар СИЗОго киргизилди.

 

Сүрөт ИИМдин басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх