Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте автосалондун ээси башка бирөөнүн BMW 7 үлгүсүндөгү унаасын 125 миң долларга сатып, акчасын короткон

Ошондой эле Түштүк Кореядан кымбат баалуу унаа алып келүүнү убадалап, 121,5 миң долларды ээлеп алган

Бишкекте өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелип автосалондун ээси кармалды.

Борбор калаанын ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, 2-февраль күнү сатууга көмөк көрсөтүү шылтоосу менен 135 миң долларлык 2022-жылкы BMW 7 үлгүсүндөгү унаасын ээлеп алган, андан соң аны үчүнчү жактарга сатып, андан түшкөн 125 миң долларды жеке муктаждыктарына жумшаган автосалондордун биринин ээсине чара көрүү өтүнүчү менен жаран милицияга кайрылган.

Бул фактынын негизинде КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү катары 30 жаштагы А.И. кармалып, РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Анын башка кылмыштарды жасоого тиешеси бар экени аныкталган. Тактап айтканда, Түштүк Кореядан кымбат баалуу унааларды алып келүү шылтоосу менен башка жарандын 121,5 миң долларын ээлеп алган.

 

Милиция башка жабырлануучуларды (0777) 77-44-33 же 102 телефондоруна билдирүүнү суранат.

Сүрөт ИИМдин басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх