Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Казакстан менен Кыргызстандын мушкерлери беттеш алдында мейманканада мушташты - Видео

Мушкерлердин ортосунда чыр чыккан

Мелдештин алдында мейманканада Казакстан менен Кыргызстандын мушкерлери мушташты. Окуянын видеосу социалдык тармактарда пайда болду.

Буга чейин спортчулардын ортосунда жаңжал чыгып, казак кыргызды согуштан качып жатат деп айыптап, коркок деп атаган. 26 жаштагы кыргызстандык атаандашын көп сүйлөй турганын айтып, аны мейманканага чакырган.

38 жаштагы казак мушкери Ануарбек Бекембетов Марсель Нурланбеков жаткан мейманканага келип, мушкерлер беттеше кетишкен.


Белгилей кетсек, эки мушкер эртең, 26-апрелде Алматыда өтө турган “NAIZA 59” турниринде беттешет.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх