Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Окуучу кызды сүзүп кеткен BMW айдоочусу табылып, кармалды (видео)

Окуя Селекция айылында болгон

Жол-кайгуул кызматынын инспекторлору бир күн мурун Селекция айылында мектеп окуучусун сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен BMW унаасынын айдоочусун табышты.

Буга чейин социалдык тармактарда оеуянын видеосу тараган.

«Перехват» планы жарыяланган.

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо инспекциясынын басма сөз кызматы билдиргендей, авариянын күнөөкөрү табылып, Сокулук РИИБдин тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Унаа убактылуу кармоочу жайга жеткирилди.

 

Сүрөт Жол кайгуул кызматынын басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх