Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектин жанынан 12 миллион сомдук мефедрон менен эл аралык баңгизат тобунун мүчөсү кармалды.

Андан 2 кг баңги заты табылды

Чүй облусунда эл аралык баңгизат менен алектенген кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды, деп билдирди УКМКнын басма сөз кызматы.

Аталган башкармалыктын маалыматына караганда, 29 жаштагы К.у.А. Манас аэропорту – Бишкек унаа жолунда кармалган. Анын жанынан 2 кг мефедрон табылган.

Белгиленгендей, бул заттын 1 граммынын базар баасы жалпысынан 6000 сом, аныкталган жүктүн баасы 12 миллион сомго жетет;

К.у.А. тергөө амалдарын жүргүзүү мөөнөтүнө КР МУККнын СИЗОсуна киргизилди.

 

 

«Бүгүнкү күндө синтетикалык баңгизаттардын жаңы түрлөрүнүн, ошондой эле белгилүү бир акчалай сыйлыкка таратууну жана сатууну уюштурууда анонимдүүлүктү камсыз кылуучу коммуникация ыкмаларынын (интернет мессенджерлери, социалдык тармактар) динамикалык пайда болушуна байланыштуу жаштар кеңири бул ишке тартылууда. УКМК ата-энелерди балдарына кыраакы болууга, алардын эс алуусун жана айлана-чөйрөсүн көзөмөлгө алууга, ошондой эле түшүндүрүү иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүүгө чакырат», - деп билдирди атайын кызмат.

Ошондой эле аталган башкармалык КР Кылмыш-жаза кодексине ылайык, мындай кылмыштар үчүн 14 жаштан жогоркулар кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертти. Жазасы мүлкүн конфискациялоо менен 8 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратылат.

Сүрөт УКМКнын басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх