Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектеги кампалардын биринен 4 тоннадан ашык апийим саманы табылды - видео

Бул топ туруктуу баңги аткезчилик каналын уюштурган

Баңгизаттарды жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн Кыргызстанга алып келүү жана андан соң коңшу өлкөлөргө (КР, РФ жана КЭР) алып өтүү боюнча туруктуу каналды уюштуруу аркылуу каражаттарды адалдаган трансулуттук кылмыштуу топтун ишмердүүлүгү токтотулду деп УКМКдан билдиришти.

Мекемеден билдиришкендей, Бишкек шаарындагы кампалардын биринен жалпы салмагы 4 тоннадан ашкан ири көлөмдөгү апийим саманы табылып, анда кодеин менен морфиндин көлөмү 350 килограммга жакынды түзгөн.

285-берененин 2-бөлүгүнүн 4-пункту (Кыргыз Республикасынын бажы чегарасы аркылуу алып өтүүнүн өзгөчө эрежелери белгиленген буюмдарды контрабанда) жана 282-берененин 2-бөлүгүнүн 2-пункту (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш ишинин алкагында Кыргыз Республикасынын жарандары А.Ф.К. жана А.А.К. кармалып, СИЗОго киргизилди.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Сүрөт УКМКнын басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх