Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ноокенде окуучу класска газ-балончосун чачкан. Ооруканага 24 адам кайрылган

16 адам ооруканага жаткырылды

Ноокен районунун Шамалды-Сай шаарында окуучу класска газ-балончосун чачып жиберген, деп Turmush басылмасынын кабарчысы жазды.

Окуя 22-апрель күнү №8 мектепте болгон.Жалал-Абад облустук ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун жетекчиси Роман Ураимовдун айтымында, 8-класстын окуучусу мектепке газ-балончосун алып келип, класска чачып кеткен . Мектеп окуучулары менен мугалимдердин көздөрүнөн жаш агып, андан соң медициналык мекемеге кайрылышкан. Жалпысынан 24 адам жардам сурап кайрылса, анын 16сы жаш балдар.

Медициналык текшерүүдөн кийин 16 адам ооруканага жаткырылды. 22-апрелдин кечке чейин алар дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, андан соң абалы жакшыргандыктан үйлөрүнө кетишкен.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх