Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Базарда аялдын акчасын уурдап кеткен учур видеого түшүп калган

Чөнтөкчү секунд ичинде баштыктан чоң суммадагы акчаны чыгарып кеткен

Кара-Балта шаарында мал базарда “иштеп” жүргөн чөнтөкчү кармалды.

Чүй ОИИББинин маалыматына ылайык, 14-апрель күнү Кара-Балта шаарынын тургуну милиция кызматкерлерине кайрылып, мал базардан белгисиз адамдар анын сумкасынан 35 миң сомун билгизбей уурдап кетишкенин билдирген.

КР Кылмыш-жаза кодексинин 205 беренеси (уурулук) боюнча кылмыш иши козголгон.

Мындан тышкары, дагы бир жабырлануучу милицияга ушундай эле арыз менен кайрылып, алар дагы мал базарында уурудан жапа чеккендигинин фактысын билдиришкен.

Ыкчам иликтөө кызматкерлери кылмышка шектүү катары 1977-жылы туулган С.М.ди кармашты.

Кармалган адамдын башка кылмыштарга катыштыгы бар экени аныкталды.

Сүрөт ИИМдин басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх