Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте белгисиз кичинекей кызын көчөдөн сабап, чачынан кармап, унаага урган (видео)

Милиция текшеүү иштерин баштады

Борбор калаанын милициясы социалдык түйүндөрдө жарыяланган көчөдө кичинекей кызды сабап жаткан адамдын видеосу боюнча иликтөө баштады.

Буга чейин шаар тургуну үрөй учурган окуяга күбө болгонун билдирген. Белгисиз кичинекей кызын көчөдө сабап салган. Анын айтымында, ал баланы башына сүзүп, тепкилеп, андан соң чачынан кармап, унаага сүздүрө баштаган. Бишкек шаарынын тургуну укук коргоо органдарынан шалаакы атасына чара көрүүнү суранган.

Өз кезегинде милиция бул факты катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталганын билдирди.

«Учурда унаанын ээсинин жана жаш баланын жүргөн жерин аныктоо боюнча бардык зарыл болгон тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат», - деп билдиришти ОИИБден.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх