Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ошто өзгөчө кырдаал режими киргизилди (видео)

Катуу жааган жамгырдан улам шаарды суу каптады

Ош шаарында нөшөрлөгөн жаандан жана туруксуз аба ырайынан улам келип чыккан селдин кесепеттери жоюлганга чейин өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу шаар мэри Бакытбек Жетигеновдун төрагалыгы алдында өткөн жарандык коргонуу штабынын жыйынында айтылды.

Алсак, Ош шаарынын Жарандык коргонуу кызматтарынын, шаардык жана муниципалдык мекеме-уюмдардын, жергиликтүү муниципалитеттердин жана айылдардын аймактык башкармалыктарынын жетекчилерине шаардагы селдин кесепеттерин жоюу жана комплекстүү иш-чараларды жүргүзүү, анын ичинде аймактарды тазалоо жана иретке келтирүү боюнча тапшырмалар берилди. Сел каптаганда бузулган селден коргоочу каналдарды жана тосмолорду калыбына келтирүү, профилактикалык иш-чараларды күчөтүү, шаардык ирригациялык тармактардын жана дренаждык каналдардын абалына мониторинг жүргүзүү, ошондой эле сел каналдарына жана ирригациялык тармактарга атайын техниканын тоскоолдуксуз кирүүсүн камсыз кылуу максатында тургундар менен түшүндүрүү иштери жүрүүдө.

Эскерте кетсек, түштүк борбордо дем алыш күндөрү нөшөрлөп жааган жамгырдан улам сел жүрүп, шаарды суу каптаган.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх