Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Милиция кичинекей кызын көчөдөн сабаган Бишкек шаарынын тургунун тапты

Ал кишини милиция бөлүмүнө алып келишти

Милиция Бишкекте көчөдөн кичинекей кызын сабаган жаранды тапты.

Буга чейин социалдык тармактарда баланын башына чаап, тепкен, андан соң чачынан кармап, унаага сүздүргөн видео тараган. Окуянын күбөсү укук коргоо органдарынан шалаакы атага чара көрүүнү суранган.

Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан бүгүн кабарлашкандай, окуя 18-майга караган түнү Турусбеков жана Үмөталиев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

Кылмышка шектүү табылып, милицияга жеткирилди, ал 38 жаштагы А.Н. болуп чыкты.

«Текшерүүнүн алкагында Ленин РИИБнин жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлору тарабынан экспертизалар дайындалып, тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө», - деп РИИБдин маалыматында кабарланды.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх