Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаров Бишкектеги чет элдик студенттер менен болгон окуя боюнча кайрылуу таратты (видео)

Студенттик жатаканага жана чет элдиктерге кол салгандардын баары жазага тартыларын айтты

18-майга караган түнү Бишкектин чыгыш тарабындагы көчөлөрдүн биринде адамдар топтолуп, башаламандык катталган.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 18-майга караган түнү Бишкекте болгон окуяга байланыштуу кайрылуу жасады. 15 мүнөттүк видеокайрылууда мамлекет башчы чет элдик суденттер зордук-зомбулукка кабылган жаңжалга кенен токтолгон. Президент тополоңго 13-майда тартылган тасманы интернетке жарыяланышы себеп болгонун жана муну үчүнчү күчтөр пайдаланууга аракет кылганын айтты.

"Ички иштер министрлиги ал окуяга катышы бар адамдарды кармап, мыйзам чегинде чара көрүү үчүн териштирүү иштери жүрүп жаткан. Бирок интернетке 13-майдагы окуя тартылган тасманы жарыялап, кырдаалды пайдаланып кетүүгө үчүнчү күчтөр аракет кылышты. Буга бийликке жетпей калгандар, коррупцияга каршы күрөш жакпагандар, түрмөдө жаткан саясатчылар атайын ватсап тайпаларды, фейк аккаунттарды түзүп алышып, чагым салган маалыматтарды таратышканын ачык айтып коеюн. Окуяны күтүүсүз башаламандыктарга айландырууну эңсеген арам ойлуулар бар экени алдын ала маалым болгон. Милиция элди күч менен тарата баштаганда, адаттагыдай эле видео кайрылууларды таратып, "масштабдуу көтөрүлүшкө чакырабыз" деген ниети бузук блогер сындуулар элдин арасында даяр турушкан", - деди Садыр Жапаров.

Мамлекет башчы өлкөдө кылмыштуулук жоюлганын, мындан ары тартип орнотуларын кошумчалап, ушундай окуялар кайталанса, күч түзүмдөр биринчи мүнөттөрдөн тартып эле күч менен басууга жана таратууга өтөрүн эскертти.

Мамлекет башчы өлкөнүн өнүгүшү үчүн болгон күчүн жумшап жатканын белгилеп, өсүп-өнүгүү үчүн дүйнөдөгү бардык өлкөлөр менен достук карым-катышта болуу зарылдыгын айтты.

Садыр Жапаров ушул тапта миңдеген кыргызстандыктар дүйнөнүн чар тарабында окуп, иштеп жатышканын да белгилеп кетти. Ошол эле учурда сырттан келген чет элдик туристтерден өлкөнүн экономикасы үчүн эбегейсиз чоң киреше келип жатканын эскертти.

17-майда социалдык түйүндөрдө “чет элдиктер аралашкан” деген бир нече адамдын мушташы тартылган видео тарап, айрым интернет колдонуучулар сабалгандар Кыргызстандын жарандары экенин жазышкан. Ошол видеодон кийин, 18-майга караган түнү Бишкектин чыгыш тарабындагы көчөлөрдүн биринде адамдар топтолуп, башаламандык катталган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) түнкүсүн калаада чогулгандар 700гө чейин жеткенин, таңга жуук баары тарап кеткенин билдирген. Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы тополоңдо жабыркап, ооруканада дарыланып жаткан 11 бейтаптын абалы туруктуу экенин 20-майда кабарлады. Тополоңдо дарыгерлерге жалпы 41 адам кайрылган.

Бишкек шаардык милициясы башаламандыкка байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (Массалык башаламандык) жана 330-беренеси (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу) менен иш козгоп, иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

Бул окуядан кийин пакистандык жарандарды алып чыгып кетүү үчүн чартердик каттам уюштурулганы маалым болду. Ишембиде Пакистан 180дей жаранын өлкөдөн чыгарып кетти.

ИИМ элдин нааразылыгын жараткан видеодогу окуя 13-майда болгонун тактады. Министрликтин маалыматына ылайык, чет өлкөлүк студенттер менен жергиликтүүлөрдүн мушташы боюнча “Бейбаштык” беренеси менен иш козголуп, чет өлкөлүк төрт жаран кармалды. Бул окуяга катышы бар Кыргызстандын эки жаранынын жүргөн жерин тактоо иштери жүрүп жатат.

Пакистанда 20-майда Кыргызстанда окуган студенттердин ата-энелери акцияга чыгышты. «Машаал» радиосунун маалыматына караганда, митинг Хайбер-Пахтунхва провинциясынын Сват округунда болду. Акцияга айрым студенттер да катышканы кабарланды. Ата-энелер балдары Кыргызстанда зомбулукка кабылганын айтып, аларды коргоого чакырышты.

18-майда да Кыргызстандын Исламабаддагы элчилигинин алдында нааразылык акциясы өткөн.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх