Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Чет элдик студенттерге жатаканада кол салган жигиттер кармалды

Тоноо фактысы боюнча кылмыш иши козголду

Бишкектеги жатаканалардын биринде чет элдик студенттерди тоноого шектүүлөр аныкталып, кармалганын ИИМ билдирди.

«13-майга караган түнү «Восток-5» кичирайонунда бир топ балдар чет элдик студенттерге жолугуп, алардан тамеки сурашып, анан эмне үчүн бул жерде чылым чегип жатасыңар деп алардан күнөө издей башташкан. Андан кийин алардын бири чет элдик жаранды сүзүп, студенттер качып, А.Огонбаев көчөсүндөгү жатаканага жетип келишкен. Чет элдик студенттерди кууган белгисиз адамдар тобу алардын артынан жатаканага кирип барышып, ал жакта жашаган чет элдик жарандарга күч колдонуп, акчасын жана буюмдарын ачык эле ээлеп алышкан. Жатаканада жашоочулар физикалык каршылык көрсөткөндөн кийин алар окуя болгон жерден изин жашырып качып кетишкен», - деп билдирди ИИМ.

Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (каракчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары 2006-жылы туулган М.Н., 2005-жылы туулган Ш.Т., 2005-жылы туулган Н.Б. кармалды.

Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.

Фото: www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх