Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кадамжай шаарындагы базарда түн ичинде өрт чыкты

Өрттү өчүрүүгө 4 өрт өчүрүү бригадасы тартылды

Кадамжай районунда түндө Баяман баатыр базарында өрт чыкканын ӨКМ билдирди.

Башкармалыктын маалыматы боюнча, өрт тууралуу маалымат саат 4.29да келип түшкөн. Өрттү өчүрүүгө 4 өрт өчүрүү бригадасы тартылган.

Өрт саат 5.36да четтетилип, саат 6.54тө толугу менен өчүрүлгөн.

 

 

Учурда өрттүн келип чыгуу себептери жана келтирилген чыгым такталууда.

Сүрөт Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх