Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ысык-Көлдө дарыяга түшүп кеткен эки кызды 160тан ашык адам издеп жатат

Балдар 18-майда дайынсыз жоголгон

Ысык-Көл облусунда Жыргалаң суусуна агып кеткен эки кызды издөө иштери уланууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, бүгүн издөө иштерине 161 адам чыкты: 29 куткаруучу, 10 суучул, 10 милиция кызматкери жана 112 жергиликтүү тургун кайыктарда.

 

 

Мурдараак маалымдалгандай, Түп районунун Михайловка айылында 18-майда 6 жаштагы Т.С. жана 7 жаштагы К.М. Жыргалаң суусуна түшүп кеткен.

Сүрөт Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх