Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектин тургуну Буденовка айылына барса, ал жерден анын унаасын тоноп кетишкен

Үч жигит кармалды

Ысык-Ата районунда унааны тоноого шектелген үч жигит кармалды.

Чүй ОИИББинин маалыматына ылайык, 19-майда Бишкек шаарынын тургуну милицияга кайрылып, белгисиз адамдар унаасынан iPhone 15, Redmi Note 11 уюлдук телефондорун, документтерди жана 25 000 сомдук акча каражаттарын уурдап кетишкенин билдирген.

Бул факты КР Кылмыш-жаза кодексинин 205 (уурулук) беренеси менен катталган.

Кылмышка шектүүлөрдүн өздүгү такталып, алар 25 жаштагы С.Т., 27 жаштагы Д.Д. жана 21 жаштагы Б.М. болуп чыкты. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

 

Учурда тергөө иштери уланууда.

Сүрөт ИИМдин басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх