Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Алдамчылар Бишкек шаарынын тургунунун 20 миллион сомун алдап кетишкен

Милиция башка жабырлануучуларды издеп жатат

Бишкекте 20 миллион сомдук алдамчылыкка шектелгендер кармалды.

Борбор калаанын Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришкендей, милицияга шаар тургуну кайрылып, 2021-2024-жылдар аралыгында мамлекеттик сатып алуулар боюнча тендер аркылуу салынган каражатты көбөйтүүнү убада кылган аялга 20 миллион сом бергенин билдирген. Бирок ал убадасын аткарган эмес.

Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси («Алдамчылык») менен кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү делип 39 жаштагы М.Ш. жана 45 жаштагы М.А. кармалышты. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

 

Учурда кармалгандардын ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы бар экендиги аныкталууда.

Милиция башка жабырлануучуларды 0 (502) 14-43-14, 0 (704) 00-74-00, 0 (502) 12-05-70 же 102 телефондору аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт.

Сүрөт ИИМдин басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх