Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ысык-Көлдө үч өспүрүм жол кырсыгынан каза болду (Абайлаңыз, видео!)

Жигиттер унааны айдап баратып, рулду башкара албай калышкан

Ысык-Көлдө болгон коркунучтуу кырсыктан үч өспүрүм каза болду. Социалдык тармактарда окуя болгон жерден видео пайда болду.

Окуяга күбө болгондордун айтымында, кырсык 22-майдан 23-майга караган түнү Кызыл-Орук айылында болгон. Жигиттер Даймлер Крайслер үлгүсүндөгү унааны айдап баратып, рулду башкара албай калышкан.

Кырсык тууралуу маалыматты Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо инспекциясы тастыктады. Башкармалык кеңири маалыматты кийинчерээк берүүнү убада кылууда.

Окуя болгон жерден видеону биздин Telegram каналыбыздан көрө аласыздар.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх