Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Красная Речка айылындагы мектепте окуучунун апасына башка ата-энелер бычак менен кол салышкан (видео)

«Алар мени жана баламды өлтүргөнү келишкенин айтышты»

Чүй районунун Красная Речка айылындагы орто мектепте мектеп окуучуларынын биринин апасына башка ата-энелер кол салып, билим берүү мекемесинин имаратында бычак сайган. Бул тууралуу жабырлануучу өзү Апрельге билдирди.

Анын айтымында, окуя 21-майда болгон. Ошол күнү ал баласынын мектебине чогулушка келген. Иш-чара аяктагандан кийин, ал класс жетекчиден баланын ийгиликтери тууралуу билүү үчүн күтүп жаткан. Бул маалда саат 12:00 чамасында ага бир нече аял кол салган.

«Алар класстын эшигин ачып, мени жана баламды өлтүрүүгө келишкенин айтышты. Үчөө мени кармап, төртүнчүсү бетимди тытып, чачымдан тартып сүйрөй башташты. Анан бычак алып чыгып, мага үч жолу – экөөнү бутума, бирөөнү далыма сайып салды. Мен түшүнбөйм, кантип куралчан адамдар күндүз эле мектепке кирип келип, адамга кол салышы мүмкүн», - деди аял.

Жабырлануучу азыр ооруканада. Ал президенттен жана УКМКнын жетекчисинен бул маселени көзөмөлгө алууну суранат.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх