Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектин борборунда дагы бир тоноо фактысы катталды

Үч жаш жигит кармалды

Бишкекте тоноочулукка шектелгендер кармалды, деп билдирди борбор калаанын Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы.

Алардын айтымында, 15-май күнү саат 23:00дө Токтогул жана Тоголок-Молдо көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз адамдар физикалык күч колдонуп, Бишкек шаарынын тургунунун Redmi 13C үлгүсүндөгү уюлдук телефонун тартып алып, изин жашырып качып кетишкен.

Бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (Каракчылык) боюнча кылмыш иши козголду.

Кылмышка шектүү делип 20 жаштагы А.С.жана Ю.В., жана 19 жаштагы Х.С. кармалышты. Алар Борбордук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

 

Алардын ушул сыяктуу башка кылмыштарды жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталып жатат.

Сүрөт ИИБнын басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх