Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ош шаарындагы "Изюм" конок үйүндө сойкулукка шектелгендер кармалды

Кыздар интернетте өз кызматтарын жарнамалашкан

Ошто милиция кызматкерлери сойкулукка шектелген кыздарды кармашты.

Шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, кыздар интернет аркылуу кызматтарын жарнамалап жүргөнү аныкталган. Анан кармалып калбоо үчүн алар кызмат көрсөткөн даректерди көп алмаштырып турушкан.

Акыркы күндөрү кылмышка шектүүлөр Г.Айтиев көчөсүндө жайгашкан эс алуу үйлөрүндө жана Токтогул Сатылганов атындагы паркта интимдик кызмат көрсөтүп жүрүшкөн.

Шектүү катары 20-30 жаштардагы үч кыз кармалды. Алар милиция бөлүмүнө жеткирилди.

 

Тергөө кызматы иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

Сүрөт ИИБнын басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх