Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Таласта мектеп окуучусу кош бойлуу болуп калды. Зордуктоого шектелип 31 жаштагы жаран кармалды

Кыздын 26 жумалык боюнда бар

Талас облусунда милиция кызматкерлери жашы жете элек окуучу кызды зордуктаган деген шек менен 31 жаштагы жаранды кармашты.

Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, 13-майда мектеп мугалимдери Айтматов райондук милициясына кайрылып, 15 жаштагы окуучунун кош бойлуу экенин билдиришкен. Кыздын апасы да милиция бөлүмүнө арыз менен кайрылган.

Бул фактынын негизинде КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси (зордуктоо) боюнча кылмыш иши козголду.

Мектеп окуучусунун 26 жумалык боюнда бар экени белгилүү болду.

Кылмышка шектүү делип 31 жаштагы А.А. кармалды. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх