Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

12-кичирайондо массалык мушташ болду. Эки жигит кармалды - видео

Бейбаштык боюнча кылмыш иши козголду

Бишкекте бейбаштыкка шектелгендер кармалганын борбор калаанын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин социалдык тармактарда борбор калаанын 12-кичирайонундагы массалык мушташ боюнча видео тараган. Окуяга күбө болгондордун айтымында, эки унаа менен 8-9 жигит келип, жолдо төрт өспүрүмгө кол салып, сабап башташкан.

"Жабырлануучулар ар түрдүү жаракаттарды алышкан, анын ичинде жаак сыныктары, терең көгалалар, бет сөөктөрүнүн сыныктары жана башка оор жаракаттар", - дешет шаардыктар.

РИИБ өз кезегинде 26-майда милицияга 25-май күнү саат 20.00 чамасында 12-кичи райондо ага жана анын досторунун ден соолугуна залал келтирген 6-8 белгисиз адамдарга чара көрүү өтүнүчү менен Б.Б. кайрылган.

Бул фактынын негизинде КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголуп, бардык экспертизалар дайындалган.

Кылмышка шектүүлөр 19 жаштагы Д.У. жана Д.Д. кармалып, Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына жеткирилди.

Окуяга тиешеси бар дагы башка адамдар такталууда.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх