Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Алдамчылар Бишкектин тургунуна башка бирөөнүн жерин 205 миң долларга сатып жиберишкен

Шектүүлөр дагы башка эки жаранды алдап кетишкен

Бишкекте ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектүүлөр кармалды

Шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, 16-майда жаран милицияга кайрылып, апрель айында «Г.» жана «З.» аттуу аялдар Матросов көчөсүндөгү жер тилкесин сатабыз деген шылтоо менен андан 205 миң доллар алып, андан соң убадасын аткарбай изин жашырып кетишкен.

Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгү (өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Шектүүлөрдүн өздүгү такталып, кармалгандар — мурда ушул сыяктуу кылмыштарды жасагандыгы үчүн бир нече жолу соттолгон 1989-жылы туулган Б.Г., 1973-жылы туулган Д.З., жана 1960-жылы туулган О.Н. болуп чыкты. Соттун чечими менен алар тергөө аяктаганга чейин №1 СИЗОго камалды.

 

Козголгон кылмыш ишинин алкагында кылмышка шектүүлөр жасалма ишеним кат жасап, бул жер тилкесин сатууга аракет кылганы аныкталган.

Алардын ушул сыяктуу дагы эки кылмышты жасоого катыштыгы бар экени аныкталды.

Милиция башка жабырлануучуларды 0(701) 001-708 же 102 телефондоруна кабарлоону суранат.

Сүрөт ИИМдин басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх