Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК “Доку” каймана аттуу Өзгөн районунун тургунуна издөө салды

Ал ири өлчөмдөгү алдамчылык боюнча айыпталууда

КР УКМК тарабынан Өзгөн районунун тургуну каймана аты «Доку», Ормонов Д.О.го издөөгө алынды, деп билдирди мекеменин басма сөз кызматы.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, Д.Ормонов алдамчылык, ошондой эле коркутуп-үркүтүү жана күч колдонуу жолу менен жеке баюу максатында жер алдамчылыкка байланыштуу мыйзамсыз иштерди жасаган.

23-майда УКМК ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон.

25-майда Ош шаардык соту Д.Ормоновго карата сыртынан баш коргоо чарасын тандап, ал мамлекет аралык издөөгө алынган.

 

«Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана кармоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жана ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Ормонов Дөөлөттөн жабыркагандар КР УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгына же (03222) 7-00-09 телефону аркылуу кайрылыңыздар», - деп айтылат маалыматта.

Сүрөт УКМКнын басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх