Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Түнкү клубда мушташкан Бишкек шаарынын тургуну 22 жаштагы кыз кармалды

Ал буга чейин издөөдө жүргөндөрдүн тизмесине киргизилген

Бишкекте оперативдүү кызматкерлер бейбаштык боюнча айыпталуучуну кармашканын борбор калаанын Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Мекемеден билдиришкендей, 23-декабрда таңкы саат 5тер чамасында Байтик Баатыр көчөсүндө жайгашкан түнкү клубдардын биринде мушташ чыккан. А.М.Б милицияга кайрылып, белгисиз кыздар тарабынан сабалганын билдирген.

Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин (Бейбаштык) негизинде кылмыш иши козголгон.

Шектүүнүн өздүгү такталып, иш маңызы боюнча кароо үчүн сотко жөнөтүлдү. Бирок, айыпталуучу 22 жаштагы Ч.А. сот отурумуна келген эмес. Натыйжада ал издөөдө жүргөндөрдүн тизмесине киргизилген.

Оперативдүү кызматкерлер аны таап, тергөө кызматына алып кетишкен. Кыз борбор шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

 

Сүрөт ИИБнын басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх