Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ысык-Көлдө жергиликтүү тургун ооруканалардан телефон уурдоо менен алектенген

Милиция жабырлануучуларды издеп жатат

Ысык-Көлдө медициналык мекемелерден уурулук фактысына шектелген жаран кармалды.

Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, Каракол шаардык ички иштер башкармалыгына аял кайрылып, 18-май күнү жеке менчик медициналык борборлордун биринин кабыл алуу бөлүмүндө белгисиз адам Samsung A34 үлгүсүндөгү уюлдук телефонун уурдап кеткенин билдирген.

Мындан тышкары, ошол эле күнү Ысык-Көл аймактык ооруканасынын хирургия бөлүмүнөн белгисиз адам Redmi 10 үлгүсүндөгү уюлдук телефонун уурдап кеткен.

Аталган фактылар КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) менен катталган.

Шектүүнүн өздүгү такталып, ал Жети-Өгүз районунун Тилекмат айылынын тургуну, мурда ушул сыяктуу кылмыш иши боюнча соттолгон 26 жаштагы Т.у А. Болуп чыкты.

Соттун чечими менен ал 2 айга камакка алынды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

 

Милиция башка жабырлануучуларды: (0703) 332 166 телефонуна чалууну суранат.

Сүрөт ИИБнын басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх