Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте уурдалган уюлдук телефондорду сатып алып «иштегендер» кармалды (видео)

360тан ашык уурдалган техника алынды, алардын көбү борбордогу соода борборунда

Бишкекте уурдалган уюлдук телефондорду сатып алуучулар кармалганын борбор калаанын ички иштер башкармалыгы билдирди.

Башкармалыктын маалыматы боюнча, тергөөчүлөргө мурда бир нече жолу соттолгон жарандар чөнтөкчүлөрдөн мурда уурдалган уюлдук телефондорду сатып алып, коңшу өлкөлөргө сатып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Бул фактынын негизинде КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 217-беренеси (Кылмыш жолу менен табылган мүлктү сатып алуу же сатуу) жана 205-беренеси (Уурдоо) боюнча кылмыш иштери козголгон.

Кылмышка шектүүлөр кармалып, алар 20 жаштагы И.К. жана 27 жаштагы А.Ш., болуп чыкты. Экөө тең мурда ушул сыяктуу кылмыштарды жасагандыгы үчүн бир нече жолу соттолгон. Соттун чечими менен алар тергөө учурунда №1 СИЗОго киргизилди.

«Шектүүлөр борбор калаанын соода борборлорунан уюлдук телефондорду сатып алып, сериялык номурларын жаңыртып алмаштырып жиберген адамдарды топтогондугу аныкталды. Ар бир шериктин өзүнүн ролу болгон. Ошентип, А.Ш ижарага алган унаасын айдап, түн ичинде чөнтөкчүлөр менен жолугуп, алардан уурдалган жабдууларды сатып алган», - деп айтылат РИИБдин маалыматында.

Тинтүү учурунда 360тан ашык уурдалган техникалар – жалпы суммасы 7 миллион сомдон ашык уюлдук телефондор, ноутбуктар жана планшеттер алынган. Алардын негизги бөлүгү Бишкектин ар кайсы соода борборлорунун түйүндөрүндө сериялык номерлерин алмаштырып, кайра программаны жаздырган адамдардан алынды.

Бул кылмыштуу топтун аракеттеринен жапа чеккен же кандайдыр бир маалыматы бар жарандар 0(707) 757-551, 0(702) 07-12-63 же 102 телефондоруна чалууну ИИМ суранат.

Сүрөт ИИМдин басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх