Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Телефондук алдамчылык үчүн камалган адам түрмөдө ал «кылыктарын» уланткан

Андан жапа чеккендер Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун тургундары болгон

Панфилов районунда абакта отурган жаран башка жарандарды телефон аркылуу алдап «иштеген»

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришкендей, 6-майда милицияга кыз кайрылып, Кайыңды шаарында белгисиз адам батирди ижарага берем деп алдап, 8 миңге алдап кеткенин билдирген. Жабырлануучу аны менен Whatsapp аркылуу байланышып, андан соң керектүү сумманы шектүүнүн банк картасына которгон. Бирок акчаны алгандан кийин ал киши чалууларга жооп бербей, изин жашырып кеткен.

Аталган факты КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен катталган.

Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары ушул сыяктуу кылмыштарды жасагандыгы үчүн камакта жаткан 37 жаштагы Б.М. аныкталган.

Кармалган жаран Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймагында ушул сыяктуу кылмыштарды жасоого тиешеси бар экендиги аныкталды. Учурда тергөө иштери уланууда.

 

Сүрөт Чүй облустук ИИБ басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх