Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

2010-жылдагы июнь окуялары. УКМК теракт уюштурууну көздөп жүргөн кыргызстандыкты кармады

Ал киши көп жылдар бою издөөдө жүргөн

УКМК террористтик жана сепаратисттик кылмыштарды жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн кыргызстандыкты кармады.

Атайын кызмат билдиргендей, А.И.И. жана анын шериктери Ош облусунун тургундарынын арасынан 2010-жылдагы окуядан кийин Кыргызстандын аймагында террордук актыларды жасоону көздөп, бул үчүн ок атуучу куралдарды жана жардыруучу заттарды сатып алышкан.

2011-жылы курал-жарак жана жардыргыч заттар көмүлгөн жай табылгандан кийин, А.И.И.нин эки шериги кармалып, ар кандай мөөнөткө эркинен ажыратылган, кылмыштуу топтун төрт мүчөсү, анын ичинде А.И.И. качып кетүүгө үлгүргөн.

 

Кийинчерээк эки адам Сирияга МТО тарабында согуштук аракеттерге катышуу үчүн кетүүгө үлгүрүп, аскердик кагылышуу учурунда жок кылынганы тууралуу маалымат түшкөн.

Сүрөт УКМКнын басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх