Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Башка бирөөнүн жол тандабас унаасын сатып, Орусияга качып кеткен

Алдамчы табылып, убактылуу кармоочу жайга камалды

Кыргызстандык башка бирөөнүн жол тандабас унаасын сатып, өлкөдөн качып кеткенин Чүй облустук ИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган башкармалыктан билдиришкендей, Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө Жалал-Абад облусунун тургуну арыз менен кайрылып, С.Б. алдоо жолу менен 2 миң доллар алдын ала төлөмүн берип, анын 24 миң долларга бааланган «Лексус GX470» үлгүсүндөгү унаасын ээлеп, андан соң унаасын үчүнчү жактарга сатып, Орусияга качып кеткен.

Бул факты КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен катталган.

30 жаштагы С.Б. аттуу табылып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.

 

Сүрөт ИИМдин басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх