Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Куту каймана аттуу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Кара-Суу шаарынын тургунун 1 миллион 400 миң сомуна алдап кеткен

Ага карата алдамчылык беренеси боюнча иш козголгон

Кара-Суу районунда алдамчылыкка шектелген уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды.

ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, май айында Кара-Суу районунун тургуну милицияга кайрылып, 2022-жылдын жай айларында Сарай айыл аймагынан жер тилкесин берүүнү убада кылып, Куту аттуу жаран 1 миллион 440 миң сомун алып кеткендигин билдирген. Бирок ал убадасын аткарбай, качып кеткен.

Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси «Алдамчылык» боюнча кылмыш иши козголгон.

Шектүүнүн өздүгү такталып, ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган Кара-Суу районунун 1983-жылы туулган М.К. болуп чыкты.

Ал 30-майда кармалды. Учурда тергөө иштери уланууда.

 

Сүрөт ИИМдин басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх