Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ош шаарында бир сутка ичинде эки жеке мончо өрттөндү (фото)

Алардын биринде от казаны жарылган

Кечээ Ош шаарындагы эки жеке мончодон өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Мекеменин маалыматына караганда, кечинде Касымбеков көчөсүндө жайгашкан «С легким паром!» аттуу мончодо өрт чыкканы тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге саат 19:53тө Ош шаардык өрт өчүрүүчү бөлүмдөрү барышкан. Саат 20.20да өрт толугу менен өчүрүлгөн.
Жабыркагандар болгон эмес.

Мурдараак маалымдалгандай, кечээ Көкүмбий көчөсүндө жайгашкан «Байкөл» жеке мончосунда от казан жарылып, натыйжада өрт чыккан. 7 адам жабыркап, ооруканага жеткирилген.

Сүрөт ӨКМ басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх