Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ошто шылуундар жарандарды айдоочулук күбөлүк алып берем деп алдап кетишкен

Алар тез арада айдоочулук күбөлүк алуу жөнүндө Telegram аркылуу жарнак кылышкан

Ошто бир нече алдамчылык фактысына шектүүлөр кармалды.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, эки адам Telegram мессенжерине Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Ош шаардык бөлүмүнө (мурдагы «Унаа» мамлекеттик мекемеси) айдоочулук күбөлүктү тез арада алуу боюнча жарнак жайгаштырышкан. Ишенген жарандар аларга акчаны электрондук капчыктарга которушкан.

Азырынча беш жабырлануучу аныкталды. Келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 95 миң сомду түздү.

Алдамчылыкка шектелип Кара-Суу районунун тургундары 1990-жылы туулган Н.Н., 1997-жылы туулган С.М. кармалышты.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

 

Сүрөт Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх