Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Орусияда СВОнун катышуучуларын ташуудан баш тарткан кыргызстандык таксистке карата козголгон кылмыш иши токтотулду

Окуядан кийин кыргызстандык таксист жумушунан бошотулган

Украинадагы аскердик операциянын катышуучуларын ташуудан баш тарткан кыргызстандыкка карата козголгон кылмыш иши токтотулганын Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Буга чейин Орусиянын Тергөө комитети СВОнун катышуучуларын ташуудан баш тарткан кыргызстандык таксистке кылмыш ишин козгогону белгилүү болгон.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги РФнын Тышкы иштер министрлигине Кыргыз Республикасынын жаранына карата ишти объективдүү жана ар тараптуу кароо өтүнүчү менен нота жибергенин билдирди.

«Кыргыз Республикасынын жаранына бардык зарыл болгон консулдук жана юридикалык жардам көрсөтүлгөн. Жыйынтыгында кылмыштын белгилери жок болгондуктан кыргызстандыкка карата козголгон кылмыш иши токтотулду», — деп билдирди Тышкы иштер министрлиги.

3-июнда социалдык тармактарда жарандык кийимчен жоокерлер жол жээгинде туруп, таксисттин артынан кууп бараткан видео тараган. Видеонун автору таксист аскерлерди Украинадан кайтып келгенин билгенде түшүрүп салганын айткан. Жаңжалдын дагы бир катышуучусу Крокус Сити Холл тууралуу сөз кыла баштаганда таксист аларды түшүрүп салганын айткан.

Таксист өзү журналисттерге жүргүнчүлөр мас абалында жана орой сөздөрдү айтканын, андан соң бара турган жерине 100 чакырымдай жол калганда төлөм ыкмасын накталай акчага алмаштырганын айткан. Анын айтымында, ал өзүнүн коопсуздугу үчүн жана жүргүнчүлөр жол акысын төлөбөй коюшаарынан корккон. Окуядан кийин кыргызстандык такси компаниясынан бошотулган.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх