Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Чолпон-Атада салык кызматкерлерин күч колдонуп коркуткан жергиликтүү депутат кармалды

Ал Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары каттоодо турат

Чолпон-Ата шаардык кеңешинин депутатына кылмыш иши козголгонун Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгы билдирди.

Милициянын маалыматы боюнча, май айынын аягында социалдык тармактарда Чолпон-Ата шаардык кеңешинин учурдагы депутаты, 36 жаштагы Т.С. К. Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү Салык кызматынын жана башка мекемелердин кызматкерлерин денесине залал келтиребиз деп коркуткан.

«Т.С.нын сөздөрүнүн негизинде соттук-лингвистикалык экспертиза дайындалды. Эксперттин корутундусунда ал Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлерине карата коркутуулардын жана зомбулуктун лингвистикалык белгилери аныкталган, ошондой эле Т.С.нын сөзүндө көптүк санды колдонуу менен ырасталган массалык башаламандыкты уюштуруу мүмкүндүгү көрсөтүлгөн», - деп айтылат ИИМдин маалыматында.

Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси менен кылмыш иши козголду.

Т.С. кармалып, Ысык-Көл РИИБнин убактылуу кармоочу жайына камалды.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх