Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ошто Жаза аткаруу кызматынын кызматкерлери абактан эркиндикке чыгарабыз деп 250 миң сом алышкан

Учурда кылмыш иши козголду

Ошто ЖАКтын кызматкерлерине кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголду.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө ИИМдин кызматкерлери тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, тергөөчү У.Ш. менен кызматтан тышкаркы мамилеге кирип, 250 миң сом накталай жана онлайн аркылуу которуу жолу менен алганы аныкталган.

Аталган фактынын негизинде прокуратура тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн КР Аскердик прокуратурасынын Ош гарнизонуна жөнөтүлгөн.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх