Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Милиция Садовое айылында болгон коркунучтуу кырсыктын чоо-жайын билдирди

Микроавтобус менен автобустун ортосунда калган адам каза болуп, дагы бир адам жаракат алды

Бүгүн Садовое айылында болгон каргашалуу жол кырсыгынын чоо-жайын Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, кырсык таңкы саат 6.30дар чамасында Бишкек-Ош жолунда болгон. Жолдун 38-чакырымында Honda Stepwgn жолдун жээгинде турган Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү автобусту сүзүп, экинчиси өз кезегинде алдыдагы Ford Transit унаасын сүзгөн.

«Кырсык болгон учурда автобуска буюмдарын жүктөп жаткан 37 жаштагы адам кырсык болгон жерде каза болгон. Ал микроавтобус менен автобустун ортосуна тыгылып калган. Мындан тышкары, Honda Stepwgn унаасынын 25 жаштагы жүргүнчүсү ооруканага жеткирилген», - деп билдирди Жол кайгуул кызматы.

Учурда бул кырсык боюнча экспертизалар дайындалып, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх