Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жол кайгуул кызматкерлери трассада жүрөгү кармап калган адамды сактап калышты (видео)

Оорулуу жүргүнчүнү ташыган таксист инспекторлорго кайрылган

Чүй облустук Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо инспекциясынын кызматкерлери трассада жүрөгү кармап калган жаранды сактап калышты.

Ведомстводон билдиришкендей, 25-июнь күнү саат 22:10дор чамасында Алматы-Бишкек-Ташкент унаа жолунун 233-чакырымында Ниссан Марч үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жол кайгуул кызматкерлеринен жардам сурап кайрылган. Ал жүргүнчүсү жүрөгү кармап, абалы оор экенин билдирген.

Инспекторлор тез арада жаранга биринчи медициналык жардам көрсөтүшүп, Чүй облусундагы ооруканага жеткиришкен. Өз кезегинде айдоочу кызматкерлерге ыкчам аракеттери үчүн ыраазычылык билдирди.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх