Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ошто чек арачы аскер кызматкерлеринен акча талап кылган (видео)

Ал УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалды

Ош гарнизонунун чек ара бөлүмүнүн кызматкери опузалап пара алып жаткан жеринен кармалганын УКМК билдирди.

Ведомстводон билдиришкендей, 39 жаштагы З.Т.С., кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, ар кандай шылтоолор менен узак убакыт бою чек арачылардан системалуу түрдө акча талап кылып келген.

«Учурда кылмыш иши боюнча З.Т.С.нын кылмыш иштерине тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоого багытталган тергөө иш-чаралары жүрүп жатат», - деп айтылат маалыматта.

 

Сүрөт УКМКнын басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх