Ошто "Алтын" рестораны күйүп кетти - видео
Өрттү өчүрүүгө жети өрт өчүрүүчү бригада тартылган
Ош шаарында Курманжан Датка көчөсүндө жайгашкан «Алтын» рестораны күйүп кетти.
ӨКМ билдиргендей, өрт тууралуу маалымат бир күн мурун саат 17:00дөр чамасында түшкөн. Өрттү өчүрүүгө 7 өрт өчүрүүчү бөлүм, бир автотепкич жана штаб тартылган.
Өрт саат 19.04тө локализацияланган.
Жабыркагандар жана өрттүн себеби тууралуу азырынча маалымат жок.
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз