Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандык Казакстанда эмгек кулчулугунда жүргөнүн билдирген. ИИМ аны четке какты

Милиция анын инисин табышкан

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Казакстанда эмгек кулчулугунда жүргөн делген кыргызстандык тууралуу маалыматка комментарий берди.

Буга чейин социалдык тармактарда кыргызстандык жүк ташуучу унаанын айдоочулары ал жакта эмгек кулчулугунда жүргөнүн жана жумуш берүүчү тарабынан физикалык зомбулукка кабылганын айткан кыргызстандыкты Казакстандан алып кетишкени тууралуу маалымат пайда болгон. М.Э да эч кандай документтери жок экенин айтып, туугандарын таап берүүнү суранган.

Ички иштер министрлиги ал кишинин инисин тапты.

М.Э чындыгында Нарын облусунун 37 жаштагы И.М. экенин, ал кишинин бир тууганынын айтымында, аталган жаран спирт ичимдиктерин кыянаттык менен пайдаланып, өзүн эмгек кулчулугунун курмандыгы катары көрсөтүп, элди жалган маалыматка адаштырып, социалдык тармактарга жарыяланган маалыматка ишенбөө керектигин, ошондой эле И.М. бир нече жолу Кыргызстанга кайтып келип, кайра үйүнөн качып кеткендигин билдирди ИИМ.

Ведомство кошумчалагандай, учурда Казакстан Республикасынын укук коргоо органдары менен биргеликте жаран И.М.нын жүргөн жерин тактоо иштери жүрүп жатат.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх