Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кара-Сууда алдамчы эки iPhone 14 pros сатып алып, жасалма доллар менен төлөгөн

Купюралар принтерде чыгарылган

Ош облусунда жасалма доллар тараткандар кармалды, деп билдирет облустук ички иштер башкармалыгы.

Аталган башкармалыктын маалыматына караганда, 26-июнь күнү Кара-Суу шаарынын тургуну милицияга кайрылып, 11-июнь күнү белгисиз адам андан 2 даана iPhone 14 pro телефонун сатып алып, 1400 доллар төлөп бергенин билдирген. Кийинчерээк долларлар жасалма экени белгилүү болгон.

Экспертиза жасалма купюралар түстүү принтердин жардамы менен басылганын аныктаган.

Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 233-беренеси (Жасалма акча же баалуу кагаздарды жасоо) менен кылмыш иши козголгон.

Бул кылмышка шектүүлөр Кара-Суу районунун 1994-жылы туулган Р.А. жана 1992-жылы туулган Б. уулу Б. болуп чыкты. Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

 Шектүүлөрдүн башка кылмыштарга тиешеси барлыгы такталууда.

Сүрөт ИИБнын басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх