Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жалал-Абадда баңгизат сатууга шектелип УКТ мүчөлөрү кармалды

КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин белгилери боюнча кылмыш иши козголду

Жалал-Абадда баңгизат сатууга шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы кызматынын кызматкерлери Жалал-Абад облусунун аймагында баңгизаттарды сатуу менен алектенип жүргөн жаран тууралуу маалымат алышкан.

Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

Милиция жана атайын кызматтын кызматкерлери биргеликте ыкчам-издөө иш-чараларынын жүргүзүп, натыйжада баңгизатын туруктуу канал аркылуу сатуу менен алектенген адамдардын уюшкан топ аныкталды. Кылмыштуу топтун ар бир мүчөсүнүн жумушу жана ролу бөлүнгөн болуп, бул жагдай баңгизатын ири өлчөмдө сатууга мүмкүнчүлүк түзүп келген.

Күч кызматкерлеринин аракетинде кылмыштуу топтуп мүчөлөрү 1994-жылы туулган А.К. жана 1982-жылы туулган З.М. аттуу жарандардын жашаган жеринде тинтүү жүргүзүшүп, "гашиш" баңгизатттары табышкан.

Кармалгандар милициянын убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Алар ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү катары турушат.

Кылмыш иши боюнча тергөө уланууда.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх