Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Балыкчы шаарында 75,4 миллион сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Буга чейин жер жеке менчике мыйзамсыз берилип келген

Балыкчы шаарында 75 миллион 400 миң сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу КР Башкы прокуратурасы билдирди.

Балыкчы шаарынын прокуратурасы Озерная көчөсүндөгү жер тилкеси жеке менчикке мыйзамсыз берилгенин аныктаган.

Прокуратура жеке адамдын жер участогуна укук белгилөөчү документтерин жараксыз деп табуу боюнча доо арыз менен кайрылган. Сот тарабынан доо толугу менен канааттандырылган. Анын негизинде прокуратура тарабынан шаардык мэрияга токтом берилип, жыйынтыгында базар баасы менен 75 миллион 400 миң сомдук 6,1 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх