Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

20-апрелден 1-июлга чейин сел 17 адамдын өмүрүн алып кеткен, анын 8и балдар

Жалпысынан 250 сел катталган

Кыргызстанда 20-апрелден 1-июлга чейин селден 17 адам каза болду, анын 8и жаш балдар. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жарандык коргонуу башкармалыгынын улук кызматкери Кубаныч Темирбек уулу брифингде билдирди.

Анын айтымында, Ош облусунда 15, Жалал-Абад облусунда 1, Баткен облусунда 1 адам каза болгон.

Бул аралыкта жалпысынан 250 сел катталган. Көбүнчө Ош облусунда жана Ошто - 77, Баткен облусунда - 66, Жалал-Абадда - 61, Таласта - 13, Нарында – 5 учур болгон.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча, селден келтирилген чыгым 172 миллион 956 миң сомду түздү.

Сүрөт: Өзгөчө кырдаалдар министрлиги

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх